# 1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Электрондук соода жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112333)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Электрондук соода жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 июня 2023 года № 128 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об электронной торговле"](https://aqlex.ai/kg/doc/112613)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112333#diff=1263144..1263145>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3122/edition/1263144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112333/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук соода жөнүндө, 1-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-1

---

1. Ушул Мыйзам маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу электрондук соода чөйрөсүндөгү жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, электрондук соодадагы иштин укуктук негизин белгилейт.

2. Ушул Мыйзам интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктарды кошуп алганда, товарларды жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, сатып алуу жана алмашуу боюнча электрондук бүтүмдөрдү жол-жоболоодо жана жасоодо талаптарды белгилейт.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) нотариалдык күбөлөндүрүүгө жана/же мамлекеттик каттоого жаткан бүтүмдөргө;

2) адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, өмүрүн жана ден соолугун сактоо, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды коргоо боюнча чектөөлөр киргизилген товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө;

3) мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жол-жоболоруна.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-2)
