# 1-берене

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112331)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112331/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3120/edition/1113969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112331/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (10.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112331/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 130-беренеде:

а) 1-бөлүк "тигил же бул" деген сөздөрдөн кийин "айыл аймагында жана" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:";

в) 4-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн" деген сөздөр "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилбеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112331/st-2)
