# КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3120/edition/1113969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (10.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112331

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 10-декабры № 149 Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112331/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 130-беренеде:

а) 1-бөлүк "тигил же бул" деген сөздөрдөн кийин "айыл аймагында жана" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:";

в) 4-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн" деген сөздөр "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилбеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112331/st-2)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы N 150 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 10-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
