1-берене
Күчүндө · 08.12.2021 редакциясы
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2865-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы "апрель-июнунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-берене "апрель-июнунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 2-берененин экинчи жана үчүнчү абзацтары "жана Жалал-Абад облустарындагы" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 5-берененин үчүнчү абзацы "апрель-июнь" деген сөздөрдөн кийин "жана 2021-жылдын апрель" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 6-берене "апрель-июнунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 8-беренеде:
- 1-бөлүгү "жана Жалал-Абад облустарындагы" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- мамлекеттик тилдеги 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "жеткенче" деген сөз "жеткенде" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) 10-берененин алтынчы абзацындагы "белгиленген тартипте" деген сөздөр "белгиленген тартипте жана шарттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 08.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112328/st-1" title="1-берене - 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>