# Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 29-ноябры № 141 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 29-ноябры № 141 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3114/edition/1150536/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 29-ноябры № 141 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112325

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 29-ноябры № 141 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112325/st-1)

КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112325/st-2)

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 54-статьянын 1-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо. Аудитор акционерлердин жылдык чогулушунда бекитилбеген учурда, акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырбоо үчүн директорлор кеңешинин компетенциясына аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана бекитүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо кирет;".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112325/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткүндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин тарабынан кабыл алынган
