# 6-берене. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 6-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-6

---

1. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы Аудиторлордун окуудан өтүү тартибине ылайык жыл сайын кесиптик аудитордук бирикме тарабынан иштелип чыгат.

2. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окутуунун минималдуу узактыгы катары менен келген 2 календардык жыл үчүн 80 сааттан кем болушу мүмкүн эмес, мында биринчи жылы окутуунун узактыгы 20 сааттан кем болбоого тийиш.

Үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окутуу маалымат-коммуникациялык интернет тармагы аркылуу, ал эми ушундай окутуу мүмкүн болбогон учурда - башка үнөмдүү ыкма менен өткөрүлүшү мүмкүн.

3. Аудиторлордун окуудан өтүү тартиби, кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-7)
