# 3-берене. Аудит жүргүзүү

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324#diff=1111104..34592>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 3-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-3

---

1. Аудит милдеттүү жана демилгелүү болушу мүмкүн. Аудит ушул Мыйзамга жана аудиттин стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Аудиттин стандарттары, сапатты башкаруу стандарттары, коштоочу стандарттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат. Аудитордук уюм аудиттин стандарттарына, сапатты башкаруу стандарттарына, коштоочу стандарттарга киргизилген өзгөртүүлөрдү алар жарыяланганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга колдонуп баштаган дата жөнүндө кийин кабарлоо менен колдонууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жаатындагы мыйзамдарына ылайык ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири ишкердиктин субъекттери болуп саналгандар ар жылдык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш.

4. Демилгелүү аудит аудиттелүүчү субъекттин же аудиттин башка буйрутмачысынын демилгеси боюнча так милдеттенмелерди, аудиттин мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.

5. Аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюм төмөнкүлөрдү текшерет жана эске алат:

1) аудит жүргүзүү үчүн зарыл болгон компетенттүү персоналдын, убакыттын жана ресурстардын болушун;

2) көз карандысыздык жана объективдүүлүк принциптерине шайкештигин;

3) көз карандысыздык үчүн коркунучтун жана бул коркунучту болтурбоо же азайтуу үчүн колдонулуучу коргоо чараларынын бар же жок экендигин.

6. Аудитордук уюмдун аудиттелүүчү субъект же аудиттин буйрутмачысы менен болгон мамилелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн аудит жүргүзүү келишими менен жөнгө салынат. Аудит жүргүзүү келишими жазуу жүзүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган талаптарга карата кошумча түзүлөт, аудиттин максатын жана колдонуу чөйрөсүн камтууга тийиш. Аудит жүргүзүү келишими аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана аудит жүргүзүү келишиминде каралган милдеттенмелер бузулган учурда бузулушу мүмкүн. Бухгалтердик эсептин же аудитордук жол-жоболордун принциптерин колдонуу жагынан пикир келишпестиктер келишимди бузуу үчүн негиз болуп саналбайт.

7. Аудиттелүүчү субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) аудитти өз мезгилинде жана толук жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө, аудит жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө, бардык суралган маалыматтарды, зарыл оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

2) аудитордун жана аудитордук уюмдун иш-аракеттерине кийлигишпөөгө;

3) аудитордун жана аудитордук уюмдун талабы боюнча зарыл маалыматтарды берүү жөнүндө үчүнчү жактарга карата жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар менен кайрылууга жана аудит жүргүзүү келишиминин шарттарын сактоого;

4) маалыматтарды алууга жана аудиттин стандарттары талап кылган көлөмдө мурдагы аудиттин жумушчу документтеринин сереби жеткиликтүү болуусуна көмөк көрсөтүүгө.

(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-4)
