# 28-берене. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324#diff=1111104..34592>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 28-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-28

---

1. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо аудиттин сапатын камсыз кылуу тутумун башкаруу максатында, ошондой эле аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун, жүргүзүлгөн аудиттин деңгээлинде аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун колдонууну баалоо үчүн жүзөгө ашырылат.

2. Аудиттин сапатын пландуу тышкы контролдоо тобокелдикке багытталган мамилелердин негизинде 3 жылда бир жолу - ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзгөн аудитордук уюмдарга жана 6 жылда бир жолу - башка аудитордук уюмдарга карата жүргүзүлөт.

3. Аудиттин сапатын пландуу эмес тышкы контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн арыздар боюнча жүргүзүлөт.

4. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстук негизде консультанттарды ишке тартууга укуктуу.

5. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн консультанттарды тандоонун критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) аудитордун квалификациялык сертификатынын жана финансылык отчеттордун аудити жаатында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;

2) Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык отчеттуулукту даярдоо чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;

3) талдоо жүргүзүү жана аны аудиттин сапатын тышкы контролдоону жүргүзүү процессинде колдонуу тажрыйбасы.

6. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн тартылган консультант практика жүргүзбөгөн жак болууга тийиш, ал сапатка тышкы контролдоо жүргүзүү боюнча консультант катары ишин аяктагандан кийин 3 жылдын ичинде аудитордук ишти жүргүзүүгө укуктуу эмес.

7. Аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын жана Этика кодексин бузган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын көрөт;

1) эскертүү;

2) айып салуу;

3) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу.

8. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү тартибин, аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн ишке тартылган консультанттардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын көз карандысыздыгына талаптарды жана текшерилип жаткан аудитордук уюмга карата кызыкчылыктын жоктугун кошуп алганда аудиттин сапатын тышкы контролдоо тартиби, аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-29)
