# 27-берене. Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324#diff=1111104..34592>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 27-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-27

---

1. Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши (мындан ары - Кеңеш) мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн, мамлекеттик коомдук контролду жүзөгө ашырган, аудит жана сапатты тышкы контролдоо менен байланышкан маселелерди караган жана коомдук кызыкчылыктын максатында чечимдерди кабыл алган коллегиялуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

2. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) аудитти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү, аудитордун кесиптик квалификациясы жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программалары боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;

2) Кеңештин ишинин жылдык планын, аудиттин сапатын тышкы контролдоонун жарым жылдык планын, аудиттин сапатын тышкы контролдоону жүргүзүү программасын, Кеңештин иши жөнүндө жылдык отчетту кароо жана бекитүү;

3) аудиттин сапатын тышкы контролдоонун натыйжалары боюнча корутунду берүү;

4) аудиторлорго, аудитордук уюмдарга жана кесиптик аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуу боюнча корутунду берүү;

5) аудиттин сапатын контролдоо жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин ортосундагы алардын ишине тиешелүү болгон талаш-тартыштарды чечүү маселелери боюнча даттанууларды кароо.

3. Кеңеш 7 адамдан, анын ичинде Кеңештин төрагасынан, Кеңештин мүчөлөрүнөн жана Кеңештин жооптуу катчысынан турат. Кеңештин персоналдык курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 3 жылды түзөт.

4. Практика жүргүзбөгөн төмөнкүдөй адам Кеңештин мүчөсү боло алат:

1) экономика жана юридика жаатында жогорку билими бар;

2) экономика, юридика чөйрөлөрүндө же аудит чөйрөсүндөгү билим жаатында 10 жылдан кем эмес эмгек стажы бар;

3) бухгалтердик эсепке алуу жана аудит жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же финансылык отчеттуулукка аудит жүргүзүү боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар;

4) жакын туугандары, жубайы аудитор, аудитордук уюмдун катышуучусу/уюштуруучусу, аткаруу органынын мүчөлөрү болуп саналбаган;

5) жоюлбаган соттуулугу жок.

5. Кеңештин мүчөсү Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңешинде өз ишин аяктагандан кийин 3 жылдын ичинде аудитордук ишти жүргүзүүгө укуксуз.

6. Кеңештин ишине эксперттик-консультациялык жардам көрсөтүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн Кеңеш каралып жаткан маселелер боюнча кызыкчылыктын кагылышы болбогон көз карандысыз эксперттерди, илимий жана башка консультанттарды тартууга укуктуу.

7. Кеңеш өзүнүн ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына төмөнкүлөрдү жайгаштырат:

1) Кеңештин ишинин жылдык планын;

2) аудиттин сапатын тышкы контролдоонун жарым жылдык планын;

3) Кеңештин чечимдерин;

4) иш жөнүндө жылдык отчетту жана Кеңештин ишин чагылдырган маалыматтарды;

5) коомдук көзөмөлдөө функцияларын аткаруу менен байланышкан ченемдик укуктук актыларды.

8. Кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-28)
