# 26-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарып салуу

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324#diff=1111104..34592>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 26-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-26

---

1. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар төмөнкүдөй учурларда Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарып салынат:

1) 3 жылдын ичинде аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын жана Этика кодексин үч жолу бузганда;

2) өзүнүн ишин токтотуу жөнүндө арызды бергенде;

3) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйымды төлөбөгөндө.

2. Аудитор, аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын жана Этика кодексин үч жолку бузуу аныкталган күндөн тартып 1 айдан кечиктирбестен Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылат.

3. Аудиторлор, аудитордук уюмдар жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар төмөнкүдөй учурларда Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылат:

1) 2 календардык жылдын ичинде аудит жүргүзбөсө;

2) аудитордук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе.

3) аудитордук ишти жүзөгө ашырууда аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу полиси жок болсо.

4. Аудиторлор төмөнкүдөй учурларда Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылат:

1) ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык иши убактылуу токтотулган мезгилди кошпогондо, Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча жыл сайын окуудан өтпөсө;

2) ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратылса (кайра чакыртып алынса);

3) аудитор каза болсо;

4) аудиторду каза болгондугун же дайынсыз жоголгондугун таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе;

5) ыйгарым укуктарын кыянат пайдалангандыгы үчүн аудиторго карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе.

5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечим аудиторлорду, аудитордук уюмдарды, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылыктын субъекттерин, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдарды Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү актысы менен жол-жоболоштурулат.

6. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө акты кабыл алынган күнү Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылат.

7. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардын ишти жүзөгө ашырууга укуктары ушул Мыйзамга ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган датадан тартып токтотулат.

8. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар:

1) аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын жана Этика кодексин үч жолу бузгандыгы үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган датадан тартып 1 жыл өткөндөн кийин Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди кайталап берүүгө укуктуу;

2) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйымдарды төлөбөгөндүгү үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйым төлөнгөндөн 1 ай өткөндөн кийин Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилүүгө укуктуу;

3) Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтпөгөндүгү үчүн Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө ырастоочу документти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бергенден кийин Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-27)
