# 24-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 24-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-24

---

1. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмду кайра түзүү;

2) аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун аталышын өзгөртүү.

2. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо үчүн негиздер пайда болгондо аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар арыз менен кайрылууга милдеттүү. Жаңы маалыматтарды кайра каттоо үчүн негиздерди көрсөтүү менен, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо жөнүндө арыз кайра каттоо үчүн негиз пайда болгон күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге кайра каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү арызды алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-25)
