# 22-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестр

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 22-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-22

---

1. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө чечими кабыл алган датадан тартып иш жүргүзүү укугун алышат.

2. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:

1) аудиторлордун реестринен;

2) аудитордук уюмдардын реестринен;

3) кесиптик аудитордук бирикмелердин реестринен;

4) ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардын реестринен.

Аудиторду, аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени идентификациялоо жекече каттоо номери менен камсыз кылынат.

3. Бирдиктүү мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте (мындан ары - Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодо, кайра каттоодо аудитордон, аудитордук уюмдан, ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдан, кесиптик аудитордук бирикмени кошпогондо, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык бир жолку жыйым алынат, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан тартып Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыл сайын жыйым алынат.

4. Бирдиктүү мамлекеттик реестр милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш, жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарга ылайык пайдаланууга чектөө киргизилген маалыматтарды кошпогондо, кызыкдар жактардын анда камтылган маалыматтар менен таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.

5. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышын жана дарегин;

2) аудитордук уюм жөнүндө маалыматты (аудитордук уюмдун жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун толук жана кыскача аталышын, уюштуруучулук-укуктук формасын, анын жайгашкан жерин, юридикалык дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, анын башкаруу органдары тууралуу маалыматтарды, аудиторлору жана кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматтарды, байланыш маалыматтарын жана веб-сайттын маалыматтарын);

3) аудитор жөнүндө (аудитордун фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтарын, аудитордун квалификациялык сертификатынын маалыматтарын, байланыш маалыматтарын), Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүшү жөнүндө, кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматты, аудитор иштеген аудитордук уюм жөнүндө маалыматты, байланыш маалыматтарын;

4) кесиптик аудитордук бирикме тууралуу маалыматты (кесиптик аудитордук бирикменин толук жана кыскача аталышы, жайгашкан жери жана юридикалык дареги, башкаруу органы жөнүндө, филиалдары (өкүлчүлүктөрү) (эгерде бар болсо) жөнүндө маалыматтар, мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, байланыш маалыматтары жана веб-сайттын маалыматтары);

5) аудиттин сапатына тышкы контроль жүргүзгөн жана аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге карата таасир этүү чараларын колдонгон органдын (органдардын) толук аталышын жана дарегин. Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим аларга даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин жарыяланат;

6) катталган/кайра катталган датасын жана каттоо номерин;

7) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден алып салуунун негиздерин жана датасын;

8) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартибинде аныкталган башка маалыматтарды.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-23)
