# 20-берене. Аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324#diff=1111104..34592>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 20-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-20

---

1. Аудитордун кесиптик квалификациясын алуу максатында талапкер Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылуучу Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкеш келген Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү тартибине ылайык бекитилген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тапшырат.

2. Экзаменге кирүү жөнүндө арыз берилген учурга карата төмөнкүдөй талаптарга ылайык келген талапкерлер Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзаменге киргизилет:

1) жогорку билими бар;

2) кесиптик аудитордук уюм тарабынан берилген, окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредиттелген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди тапшыргандыгы тууралуу ырастоочу документи бар;

3) оор жана өзгөчө оор кылмыштары жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштары үчүн жоюла элек соттуулугу жок;

4) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир жумушта иштөө укугунан ажыратылбаган.

3. Аудитордун квалификациялык сертификатын берүү менен аудитордун кесиптик квалификациясы төмөнкүдөй талапкерге ыйгарылат:

1) Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча бардык экзамендерди тапшырган;

2) аудитордук иш жана/же бухгалтердик эсеп жаатында 3 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон, мында аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу учуруна карата акыркы 3 жылдын ичинде аудитордук ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кызматтарда 1 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы болгон. Аудитордун квалификациялык сертификатынын колдонуу мөөнөтү чектелбейт.

4. Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-21)
