# 19-берене. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана аудиттин сапатын тышкы контролдоо

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324#diff=1111104..34592>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 19-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-19

---

1. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана аудиттин сапатын тышкы контролдоо төмөнкүлөрдү билдирет:

1) аудитордук иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктоо;

2) аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин мамлекеттик тилге которууну уюштуруу;

3) аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялоо;

4) аудитордук иш, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү, аудитордун кесиптик квалификациясынын жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнүн программалары боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

5) аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгарууну жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнө мониторингди уюштуруу;

6) аудитордун кесиптик квалификациясынын жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнүн программалары боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо;

7) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикменин ушул Мыйзамдын, аудиттин стандарттарынын жана сапатты башкаруу стандарттарынын жана Этика кодексинин талаптарын сактоосун контролдоо;

8) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берүү;

9) аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин отчеттуулугун кароо;

10) аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзүү жана анын натыйжаларын кароо;

11) Евразия экономикалык бирлигине катышкан өлкөлөрдүн органдары менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле башка чет мамлекеттердин аудитордук иштерди жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуу;

12) аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

13) Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү.

2. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салууну жана аудиттин сапатын тышкы контролдоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

3. Аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын, Этика кодексинин жана аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аудитордун жана/же аудитордук уюмдун бузуу фактыларын аныктоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген анын укуктарынын негизиндеги жана чектериндеги өзгөчө компетенциясы болуп саналат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз функцияларын жүзөгө ашырууда аудитордук уюмдардан, аудиторлордон, кесиптик аудитордук бирикмелерден аудитордук ишке жана/же кесиптик аудитордук бирикменин ишине тиешелүү болгон зарыл документтерди жана/же маалыматты суратууга укуктуу.

(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-20)
