# 17-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин комитеттери

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324#diff=1111104..34592>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 17-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-17

---

1. Кесиптик аудитордук бирикме төмөнкүлөрдү түзөт:

1) башкаруу жана мүчөлүк боюнча комитетти;

2) аудиторлорду окутуу, сертификаттоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча комитетти;

3) аудиттин сапатын камсыз кылуу боюнча комитетти;

4) тергөө боюнча комитетти;

5) тартип чараларын колдонуу боюнча комитетти;

6) аудит боюнча комитетти;

7) уставга ылайык милдеттерди аткаруу үчүн башка комитеттерди.

Комитеттер 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Мында аудитордун - комитеттин мүчөсүнүн аудитордук иштеги 5 жылдан кем эмес стажы болууга тийиш. Комитеттердин төрагалары бир эле мезгилде Аудиторлор кеңешинин мүчөлөрү болуп саналат.

2. Комитеттердин жыйналыштары комитеттердин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда чечим кабыл алууга укуктуу деп эсептелет.

3. Аудиторлор - комитеттердин мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышуусу болбогон шартта комитеттердеги ишти аудитордук иш менен айкаштыра алат.

4. Комитеттердин жыйналыштары зарылдыгына жараша алардын төрагалары тарабынан чакырылат. Комитеттердин кароосуна тиешелүү маселелер боюнча чечимдер киргизилет. Комитеттердин чечимдери добуш берүү жолу менен комитеттердин жыйналыштарына катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комитеттин жыйналыштарынын протоколдоруна алардын төрагалары жана катчылары кол коёт.

(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-18)
