# 15-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы жыйналышы

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 15-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-15

---

1. Мүчөлөрдүн жалпы жыйналышы кесиптик аудитордук бирикменин жогорку башкаруу органы болуп саналат жана, эгерде анын ишине кесиптик аудитордук бирикменин жарымынан кем эмес мүчөлөрү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.

2. Жалпы жыйналыштын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) кесиптик аудитордук бирикменин ишинин негизги багыттарын аныктоо;

2) кесиптик аудитордук бирикменин уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимди же жаңы редакциядагы уставды кабыл алуу;

3) Аудиторлор кеңеши жөнүндө жоболорду, кесиптик аудитордук бирикменин комитеттерин бекитүү;

4) Аудиторлордун кеңешин түзүү, ошондой эле Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

5) мүчөлүк акыларды төлөө тартибин жана өлчөмүн аныктоо жана бекитүү;

6) Аудиторлордун кеңешинин мүчөлөрүнүн сый акыларынын өлчөмүн аныктоо;

7) ушул Мыйзамга каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-16)
