# 14-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин уставы

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324#diff=1111104..34592>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 14-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-14

---

1. Кесиптик аудитордук бирикменин уставы ушул Мыйзамга ылайык бекитилет.

2. Кесиптик аудитордук бирикменин уставында төмөнкүлөр каралат:

1) кесиптик аудитордук бирикменин максаттары, милдеттери жана функциялары;

2) кесиптик аудитордук бирикменин башкаруу органдарын түзүү тартиби жана алардын ыйгарым укуктары;

3) кесиптик аудитордук бирикмеге кирүүнүн тартиби жана шарттары;

4) кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн категориялары;

41) кесиптик аудитордук бирикменин ар кандай категориядагы мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

5) өзүнүн мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу тартиби;

6) кесиптик аудитордук бирикменин мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби;

7) кесиптик аудитордук бирикменин уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;

8) мүчөлүк акыларды төлөө тартиби;

9) өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетту берүү тартиби;

10) кесиптик аудитордук бирикменин филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) түзүү, иштетүү тартиби;

11) Мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизилген өз мүчөлөрүнүн аудитинин сапатына контролдук жүргүзүүнүн тартиби;

12) тергөө жүргүзүү жана тартип чараларын колдонуу тартиби;

13) жоюлган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби.

3. Уставда кесиптик аудитордук бирикменин ишине тиешелүү, аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболор да каралышы мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-15)
