Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин уставы
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы · 3-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Кесиптик аудитордук бирикменин уставы ушул Мыйзамга ылайык бекитилет.
2. Кесиптик аудитордук бирикменин уставында төмөнкүлөр каралат:
1) кесиптик аудитордук бирикменин максаттары, милдеттери жана функциялары;
2) кесиптик аудитордук бирикменин башкаруу органдарын түзүү тартиби жана алардын ыйгарым укуктары;
3) кесиптик аудитордук бирикмеге кирүүнүн тартиби жана шарттары;
4) кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн категориялары;
41) кесиптик аудитордук бирикменин ар кандай категориядагы мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
5) өзүнүн мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу тартиби;
6) кесиптик аудитордук бирикменин мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби;
7) кесиптик аудитордук бирикменин уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
8) мүчөлүк акыларды төлөө тартиби;
9) өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетту берүү тартиби;
10) кесиптик аудитордук бирикменин филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) түзүү, иштетүү тартиби;
11) Мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизилген өз мүчөлөрүнүн аудитинин сапатына контролдук жүргүзүүнүн тартиби;
12) тергөө жүргүзүү жана тартип чараларын колдонуу тартиби;
13) жоюлган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби.
3. Уставда кесиптик аудитордук бирикменин ишине тиешелүү, аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболор да каралышы мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
20.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кирүүнүн тартиби жана шарттары; 4) кесиптик аудитордук бирикменин кошулду: мүчөлөрүнүн категориялары; 41) кесиптик аудитордук бирикменин ар кандай категориядагы мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери; 5) өзүнүн мүчөлөрүнүн … мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболор да каралышы мүмкүн. кошулду: (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112324/st-14" title="14-берене - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>