Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Кесиптик аудитордук бирикмени түзүү жана ага карата талаптар
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы · 3-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Кесиптик аудитордук бирикме ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген кесиптик аудитордук бирикме - өз алдынча уюштуруучулук-укуктук түрү бар, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган коммерциялык эмес жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган юридикалык жак болуп саналат.
2. Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жактар жана/же аудитордук уюмдар кесиптик аудитордук бирикменин уюштуруучусу болуп саналат.
Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоосу бар аудиторлор, аудитордук уюмдар жана/же аудитордун квалификациялык сертификаты бар жактар кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат. Аудиторлор жана аудитордук уюмдар бир гана кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат. Төмөнкү квалификациялык сертификаттардын биринен кем эмесине ээ болгон бухгалтерлер кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат:
- ушул Мыйзамга ылайык Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдеги сертификат;
- Арачы/дипломдуу сертификаты бар бухгалтерлердин ассоциациясы (The Association of Chartered Certified Accountants - ACCA) тарабынан берилген "Дипломдуу сертификаты бар бухгалтер (Chartered Certified Accountant) " сертификаты;
- Англиянын жана Уэльстин Арачы/дипломдуу бухгалтерлер институту (The Institute of Chartered Accountants in England and Wales - ICAEW) тарабынан берилген "Ассоциацияланган дипломдуу бухгалтер (Associated Chartered Accountant)" сертификаты;
- CIPA (Certified International Professional Accountant: Сертификаты бар эл аралык кесипкөй бухгалтер) программасы боюнча сертификат.
3. Төмөнкүлөр кесиптик аудитордук бирикменин негизги функциялары болуп саналат:
1) мүчөлөр тарабынан кесиптик жана этикалык жүрүм-турум стандарттарынын сакталышын камсыз кылуу жолу менен коомдук кызыкчылыкты коргоо;
2) кесиптик аудитордук бирикменин толук укуктуу мүчөсү болуу үчүн зарыл болгон билимди, көндүмдөрдү жана баалуулуктарды алууга аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугун бардык талапкерлер тарабынан камсыз кылуу, ошондой эле мүчөлөрдүн алардын кесиптик карьерасында алган билимдерин, көндүмдөрүн жана баалуулуктарын колдоосун жана өнүктүрүүсүн камсыз кылуу;
3) талапкерлердин, мүчөлөрдүн, жөнгө салуучу органдардын, өнөктөш уюмдардын жана кеңири коомчулуктун арасында кесиптик аудитордук бирикменин жакшы аброюн камсыз кылуу;
4) өз мүчөлөрүнүн кесиптик муктаждыктарына көңүл буруу;
5) кесиптик аудитордук бирикменин, аудитордук кесиптин максаттарын жана туруктуулугун алдыга жылдыруу жана коргоо;
6) өз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын колдоо;
7) илимий изилдөөлөр, жарыялоолор жана илимий форумдарды өткөрүү жолу менен аудиттин жана бухгалтердик эсептин теориясын жана практикасын алардын бардык өңүттөрүндө алдыга жылдыруу;
8) кесиптик аудитордук бирикмеге мүчөлүк үчүн алгылыктуулук критерийлерин аныктоо;
9) мүчөлүккө атаандашкан талапкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоону уюштуруу;
10) мамлекеттик органдар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка улуттук, аймактык жана эл аралык кесиптик бирикмелер менен натыйжалуу иштиктүү мамилелерди өнүктүрүү жана колдоо;
11) мүчөлөрдүн атайын билими жана тажрыйбасы бар жаатта коомдоштуктун муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берүүчү зарыл техникалык жана этикалык сунуштарды алуусун камсыз кылуу;
12) мамлекеттик органдарда мыйзамдарга, стандарттарга, кодекстерге жана аудиттин, бухгалтердик эсептин башка маселелерине карата коомдук кызыкчылыкты алып жүрүү.
4. Кесиптик аудитордук бирикме мүчөлүк милдеттенмелерге карата талаптарды белгилөөгө жана алардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
5. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнө төмөнкүлөр боюнча талаптар коюлууга тийиш:
1) билими;
2) үзгүлтүксүз кесиптик билими;
3) Этика кодексин сактоо;
4) аудиттин сапатын камсыз кылуу.
6. Кесиптик аудитордук бирикме мүчөлөрүнүн белгиленген талаптарды бузууларын табат жана кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин сапатына контролдук жүргүзөт.
Кесиптик аудитордук бирикме ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши менен кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүүчү аудиттин сапатына тышкы контролдук жүргүзүү программасын жана планын макулдашат. Кесиптик аудитордук бирикме Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген мүчөлөрү тарабынан аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузуулары табылган учурда, табылган бузуулар жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
7. Кесиптик аудитордук бирикме өз ишин ушул Мыйзамга жана кесиптик аудитордук бирикменин уставына ылайык жүргүзөт.
8. Кесиптик аудитордук бирикме киреше алуу максатын көздөбөйт, коммерциялык уюмдарды уюштурууга жана алардын катышуучусу болууга укугу жок.
9. Кесиптик аудитордук бирикме веб-сайтка ээ болууга милдеттүү, анда өзүнүн мүчөлөрүнүн реестри, өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчету жана өзүнүн финансылык отчеттуулугу жарыяланат.
10. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү кесиптик аудитордук бирикменин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми кесиптик аудитордук бирикме өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү өзүнүн кесиптик ишинде өз алдынчалыкты сактайт.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
20.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аудитордук уюмдар кесиптик аудитордук бирикменин уюштуруучусу алынып салынды: болууга тийиш. Аудитордук уюмдар, кошулду: болуп саналат.
Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоосу бар аудиторлор, аудитордук уюмдар жана/же аудитордун квалификациялык сертификаты бар жактар кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү алынып салынды: болууга тийиш. кошулду: болуп саналат. Аудиторлор жана аудитордук уюмдар бир кошулду: гана кесиптик аудитордук бирикменин алынып салынды: мүчөлөрү болууга тийиш.
кошулду: мүчөсү болуп саналат.
Төмөнкү квалификациялык сертификаттардын биринен кем эмесине ээ болгон бухгалтерлер кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат:
- ушул Мыйзамга ылайык Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдеги сертификат;
- Арачы/дипломдуу сертификаты бар бухгалтерлердин ассоциациясы (The Association of Chartered Certified Accountants - ACCA) тарабынан берилген "Дипломдуу сертификаты бар бухгалтер (Chartered Certified Accountant) " сертификаты;
- Англиянын жана Уэльстин Арачы/дипломдуу бухгалтерлер институту (The Institute of Chartered Accountants in England and Wales - ICAEW) тарабынан берилген "Ассоциацияланган дипломдуу бухгалтер (Associated Chartered Accountant)" сертификаты;
- CIPA (Certified International Professional Accountant: Сертификаты бар эл аралык кесипкөй бухгалтер) программасы боюнча сертификат.
3. Төмөнкүлөр кесиптик аудитордук бирикменин негизги функциялары … бирикменин мүчөлөрү өзүнүн кесиптик ишинде өз алдынчалыкты сактайт.
кошулду: (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112324/st-12" title="12-берене - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>