# 1-берене. Аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112324)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3113/edition/1111104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112324/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 1-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында аудитордук ишти, аудитке көзөмөлдү жана аудиттин сапатына тышкы контролду жүзөгө ашырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишинин укуктук негиздерин белгилейт жана мамлекеттик жана ички аудитке жайылтылбайт.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелер жана талаптар белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери жана талаптары колдонулат.

3. Банктардын жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын аудити Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Ушул Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө банктардын жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын аудитине карата колдонулат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112324/st-2)
