# КР 2021-жылдын 2-декабрындагы № 144 "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 2-декабрындагы № 144 "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3111/edition/1109201/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 2-декабрындагы № 144 "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112322

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 2-декабры № 144 "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112322/st-1)

"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 391-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) мамлекеттик ипотекалык насыя - мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында, сатып алынуучу турак жайды күрөөгө коюу менен финансылык-насыялык мекемелер тарабынан инвестициялык акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү, мамлекеттик колдоосу бар узак мөөнөттүү насыя. Турак жайларды сатып алууга же курууга мамлекеттик ипотекалык насыяларга Кыргыз Республикасынын жарандары улуттук валютада алган максаттуу насыялар кирет. Инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун каражаттарынын эсебинен, ошондой эле инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү ипотекалык насыялардын шарттары жана параметрлери өзүнчө келишимдер/макулдашуулар менен жөнгө салынат;";

2) 10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ипотекалык насыялоонун мөөнөтү жыйырма беш жылга чейин.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112322/st-2)

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 3-ноябпында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
