# 9-берене. Судьялардын курултайынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 9-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-9

---

1. Судьялардын курултайы:

1) Судьялардын съездинин Регламентин, Судьялар кеңешинин Регламентин жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу башка актыларды бекитет;

2) сот бийлигинин саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана Судьялар кеңешинин алдына соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууга, ошондой эле судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган милдеттерди коёт;

3) Судьянын ар-намыс кодексин бекитет;

4) судьялар коомдоштугунун атынан мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына, коомдук бирикмелерге, коммерциялык эмес уюмдарга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кайрылууларды кабыл алат;

5) Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн шайлайт;

6) Судьялар кеңешинин резервин шайлайт;

7) Судьялар кеңешинин төрагасынын отчетун угат;

8) судьялар коомдоштугунун башка маселелерин чечет.

2. Судьялар курултайынын чечимдери судьялар коомдоштугунун мүчөлөрү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-10)
