# 8-берене. Судьялардын курултайы

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 8-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-8

---

1. Судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

2. Судьялардын курултайы Судьялар кеңешинин чечими боюнча үч жылда бир жолу чакырылат, ал курултайды өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун белгилейт. Судьялардын кезексиз курултайы Судьялар кеңешинин чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылат.

3. Судьялардын курултайы, эгерде анын ишине Кыргыз Республикасынын судьяларынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса укук ченемдүү деп эсептелет.

4. Судьялардын курултайына Судьялар кеңешинин төрагасы, ал эми ал жокто - Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары төрагалык кылат.

5. Эгерде курултай тарабынан чечимдерди кабыл алуунун башкача тартиби белгиленбесе, курултайдын чечими катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-9)
