# 7-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруучулук, финансылык жана материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 7-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-7

---

1. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иши үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, ошондой эле соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу Сот департаментине жүктөлөт.

2. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иши республикалык бюджеттен каржыланат.

3. Судьялар кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде (мындан ары - Министрлер Кабинети) бюджет маселелери боюнча соттук өз алдынча башкаруу органдарынын атынан чыгат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-8)
