# 6-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 6-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-6

---

Төмөнкүлөр соттук өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери болуп саналат:

1) сот тутумун жана сот өндүрүшүн өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;

2) судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

3) сот ишин уюштуруучулук, кадрдык жана ресурстук камсыз кылууга катышуу;

4) сот тутумунун бюджетин түзүүнү жана аткарууну контролдоо;

5) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес уюмдар жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү;

6) судьяларды, сот аппаратарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары – Сот департаменти), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин (мындан ары – Сот адилеттигинин жогорку мектеби) кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;

7) сот бийлигинин кадыр-баркын жогорулатуу, мыйзамдарда жана Судьялар этикасынын кодексинде коюлган судьялардын жүрүм-турум кынтыксыздыгы талаптарынын судьялар тарабынан аткарылышын камсыз кылуу;

8) судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди кароо;

9) судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоону жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-7)
