# 4-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдары

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 4-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-4

---

1. Соттук өз алдынча башкаруу органдары сот бийлигин жүргүзүүчү катары судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде иш-милдеттерин жүзөгө ашырат.

2. Төменкүлөр соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы (мындан ары - судьялардын курултайы);

2) Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңеши (мындан ары – Судьялар кеңеши);

3) соттордун судьяларынын чогулушу (мындан ары - судьялардын чогулушу).

3. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын түзүү жана иш тартиби жана алардын өз ара мамилелери ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайында аныкталат.

4. Соттук өз алдынча башкаруу органдарына шайланган адамдар өз ишин коомдук башталышта жана судьялардын көз карандысыздыгы жана сот иштерине кийлигишпөө принциптерин милдеттүү түрдө сактоо менен жүзөгө ашырышат.

5. Судьялардын курултайынын, Судьялар кеңешинин иши жана судьялардын чогулушу алардын регламенттери менен жөнгө салынат.

6. Соттук өз алдынча башкаруу органдары сот адилеттигин аткаруу боюнча иштерге кийлигише албайт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-5)
