36-берене. Судьялар кеңешинин чечимин аткаруу
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Судьялар кеңешинин чечими ал жарыяланган учурдан тартып үч күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
2. Судьялар кеңешинин чечиминин көчүрмөлөрү ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин беш жумушчу күндүн ичинде судьянын өздүк делосуна тиркөө үчүн судья иштеп жаткан сотко, Сот департаментине жана ага карата чечим кабыл алынган судьяга жөнөтүлөт.
3. Кайрылуу берген адамга кабыл алынган чечим жөнүндө билдирилет. Анын арызы боюнча ага Судьялар кеңешинин чечиминин көчүрмөсү берилет.
4. Судьялар кеңешинин судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушу Судьялар кеңешинин чечимин даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Президентке жөнетүлөт. Судьялар кеңешинин чечими сотко даттанылган учурда, сунуш сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жөнөтүлөт.
5. Судьялар кеңешинин судьяны кылмыш-жаза жоопксрчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жөнүндө чечими ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен Башкы прокурорго жөнөтүлөт.
6. Судьялар кецешинин судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жана судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечими ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндон тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен Президентке жөнөтүлог.
7. Судьялар кецешинин судьяны сот тартибинде салынуучу башка жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечими ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен тиешелүү мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-36" title="36-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>