# 34-берене. Судьялар кеңешинин чечиминин мазмуну

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 34-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-34

---

Судьялар кеңешинин чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Судьялар кеңешинин курамы;

2) кайрылууну, тартиптик материалды кароо күнү;

3) тартиптик жоопкерчиликке тартылган судьянын фамилиясы, аты жана кызмат орду;

4) кайрылуунун жана судьянын түшүндүрмөсүнүн мазмуну;

5) иштин кызматтык иликтөөдө аныкталган жагдайлары;

6) кабыл алынган чечимдин негиздери;

7) судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө кайрылууну канааттандыруу, же болбосо канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тыянак;

8) тартиптик жоопкерчиликке тартылган учурда, судьяга салынуучу тартиптик жазанын түрү;

9) судьяны соттук тартипте салынуучу жазык же башка жоопкерчиликке тартууга жана судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берүү же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу тыянак;

10) чечимди даттануу тартиби, эгерде ал даттанууга тийиш болсо.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-35)
