# 31-берене. Кайрылуу жана тартиптик материал боюнча Тартип комиссиясынын корутундусу

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 31-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-31

---

1. Кайрылууну жана судьяга карата тартиптик материалды кароонун жыйынтыктары боюнча Тартип комиссиясы тарабынан корутунду түзүлөт.

2. Корутунду Тартип комиссиясы тарабынан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

3. Тартип комиссиясынын корутундусу кеңешүү бөлмөсүндө кабыл алынат.

Корутундуга карата өзгөчө пикири бар Тартип комиссиясынын мүчөсү аны жүйөлөрүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө баяндай алат.

4. Корутундуга Тартип комиссиясынын төрагасы жана тартип комиссиясынын кайрылууну, судьяга карата тартиптик материалды кароого катышкан мүчөлөрү кол коёт.

Корутунду судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн тартиптик материал менен бирге Судьялар кеңешине берилет.

5. Судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу маалымат Судьялар кеңешинин веб-сайтына (веб-баракчага) жарыяланат.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-32)
