# 30-берене. Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 30-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-30

---

1. Тартип комиссиясынын жыйналышында судьяга карата кайрылууну жана тартиптик материалды кароодо жыйналыштын протоколу жүргүзүлөт.

Протоколдо Тартип комиссиясынын курамы, жыйналышты өткөрүү күнү, кайрылууну, өтүнүчтү кароого катышуучу адамдардын келгендиги тууралуу маалыматтар жана аларды кароонун жыйынтыктары, жыйналышка катышуучу адамдардын түшүндүрмөлөрү, ошондой эле кабыл алынган корутунду көрсөтүлөт.

2. Судьялар кеңешинин жыйналышынын протоколуна Тартип комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коёт.

3. Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу тартиптик материалга тиркелет.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-31)
