# 3-берене. Судьялар коомдоштугу

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 3-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-3

---

1. Судьялар коомдоштугу Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынан турат. Судьялар алар судьянын антын берген учурдан тартып жана отставкага кетүүгө байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган учурду кошпогондо, судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурга чейин судьялар коомдоштугунун мүчөлөрү болуп саналат.

2. Отставкада жүргөн судья өзүнүн судьялар коомдоштугуна таандыктыгын сактап калат жана анын макулдугу менен отставка токтотулганга чейин судьялар коомдоштугунун органдарындагы ишке тартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-1)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-4)
