# 29-берене. Кайрылууну Тартип комиссиясынын жыйналышында кароо тартиби

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 29-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-29

---

1. Кайрылуу Тартип комиссиясы тарабынан кызматтык иликтөө аяктаган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен каралат. Ага карата кайрылуу берилген судья жүйөлүү себеп боюнча келбеген мезгил бул мөөнөткө кирбейт.

2. Ага карата кайрылуу берилген судья ишти жабык жыйналышта кароо жөнүндө өтүнгөн учурларды кошпогондо, Тартип комиссиясынын жыйналышы ачык өткөрүлөт.

3. Кайрылууну кароо Тартип комиссиясынын кызматтык иликтөөнү жүргүзгөн мүчөсүнүн маалымкат менен тааныштыруусунан башталат.

4. Ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам Тартип комиссиясынын жыйналышына катышууга укуктуу.

5. Ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам жыйналыштын өтүүчү күнү жана орду тууралуу кабарландырылат. Алардын жүйөсүз себептер боюнча келбей калуусу кайрылууну кароого тоскоолдук кылбайт.

6. Ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам иштин материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Тартип комиссиясы башка адамдарды да угууга, документтерди жана башка материалдарды иликтөөгө укуктуу.

7. Судьянын аракеттеринен кылмыштын белгилери табылган учурда, Тартип комиссиясы тартиптик материалдарды Башкы прокурорго өткөрүп берет.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-30)
