# 27-берене. Судьяга карата кызматтык иликтөө

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 27-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-27

---

1. Кайрылууну кайтарып берүү үчүн негиз болбогон учурда, Тартип комиссиясынын мүчөсү төраганын тапшырмасы боюнча ага материал келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен кызматтык иликтөө жүргүзөт. Ага карата кайрылуу берилген судья жүйөлүү себептер менен жок болгон мезгил бул мөөнөткө кирбейт.

2. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча иликтөө жүргүзгөн Тартип комиссиясынын мүчөсү судьянын аракеттеринде (аракетсиздигинде) тартиптик жоруктун болушу же жок экендиги жөнүндө маалымкатты Тартип комиссиясынын кароосуна берет.

3. Кызматтык иликтөө өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) ага карата кайрылуу берилген судьяны сурамжылоону жана андан түшүндүрмөлөрдү жана башка далилдерди талап кылууну;

2) эгерде кайрылуу конкреттүү ишти кароодо судьянын жол берилген аракеттерине (аракетсиздигине) карата берилсе, судья караган иштин материалдарын изилдөөнү;

3) кайрылууну берүүгө негиз болгон себептер жана жагдайлар тууралуу толук маалыматты чогултуу боюнча кайсы болбосун башка аракеттерди.

4. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө Судьялар кеңешинин мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) тиешелүү документтердин, анын ичинде соттук иштердеги документтердин көчүрмөлөрүн суратууга;

2) ага карата кайрылуу берилген судья иштеген соттун төрагасынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан башка зарыл маалыматтарды суратууга;

3) зарыл болгон учурда кайрылуу берген адамдан жазуу жүзүндөгү жана оозеки түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле кайрылууда келтирилген жагдайларга байланыштуу башка кошумча далилдерди талап кылууга, күбөлөрдү сурамжылоого.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-28)
