# 26-берене. Кайрылууну кайтарып берүү

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 26-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-26

---

1. Судьялар кеңеши кайрылууну төмөнкү учурларда маңызы боюнча карабастан, кайтарып берет:

1) эгерде ал ушул Мыйзамдын 25-беренеси менен каралган талаптарга ылайык келбесе;

2) кайрылуу кайра чакыртып алынса;

3) эгерде анда сот актысы даттанылса;

4) эгерде анда камтылган талап Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарына кирбесе;

5) эгерде ал мурда каралса жана ал жаңы жүйөлөрдү камтыбаса.

2. Кайрылууну кайтарып берүү жөнүндө чечим Тартип комиссиясынын жыйналышында кабыл алынат. Кайрылуу Тартип комиссиясынын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын колу коюлган жүйөлөнгөн кат менен авторго кайтарып берилет.

3. Кайрылууну ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарып берүү, кемчиликтер четтетилгенден кийин кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

4. Ушул берененин l-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарылгандан кийин кайрадан кайрылган учурда, бул кайрылуу каралууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-27)
