# 25-берене. Судьялар кеңешине кайрылуунун формасына жана мазмунуна карата коюлуучу жалпы талаптар

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 25-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-25

---

1. Кайрылуу Судьялар кеңешине жазуу жүзүндө же электрондук почта аркылуу берилет.

2. Жарандардын, юридикалык жактардын кайрылуулары Судьялар кеңешине даттануу түрүндө берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кайрылуулары сунуштама түрүндө жол-жоболоштурулат.

3. Кайрылуу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) кайрылуунун авторунун фамилиясын, атын, атасынын атын, юридикалык жактын, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын жана алардын кызмат адамдарынын аты-жөнүн, алардын даректерин, болсо -телефон номерин;

2) ага карата кайрылуу берилген судьянын фамилиясын;

3) кайрылууда сыпатталган иш-аракеттер жасалган күнүн жана ордун;

4) тартиптик жоруктун (сот тартибинде жазага тартылуучу кылмыштын, кылмыш-жаза жоругунун, башка укук бузуулардын) жагдайларынын кыскача сыпатталышын;

5) судья тарабынан тартиптик жорук (сот тартибинде жазага тартылуучу кылмышты, башка укук бузууну) жасалгандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү далилдерди - алар болгондо;

6) кайрылуунун күнүн жана автордун кол тамгасын.

4. Электрондук почта аркылуу берилген кайрылуу, анын ичинде электрондук санариптик колтамганы да камтууга тийиш.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-26)
