# 24-берене. Судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата Судьялар кеңешине кайрылуунун субъекттери

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 24-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-24

---

1. Судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата кайрылуулар менен Судьялар кеңешине төмөнкүлөр кайрыла алышат:

1) жеке жана юридикалык жактар;

2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары;

3) Кыргыз Республикасынын сотторунун төрагалары.

2. Судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама менен Судьялар кеңешине Башкы прокурор кайрылат.

Судьяны соттук тартипте салынуучу башка жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама менен тиешелүү мамлекеттик органдар кайрылышат.

3. Кайрылуулар Тартип комиссиясынын катчылыгына берилет. Кайрылуулар кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен катталат жана Судьялар кеңешинин төрагасына берилет.

4. Судьялар кеңешинин төрагасы кайрылууну текшерүү үчүн Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине берет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-25)
