# 23-берене. Тартип комиссиясынын судьялардын тартиптик жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди кароо боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027810)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312#diff=1112204..32844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 23-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-23

---

Тартип комиссиясы:

1) судьялардын тартиптик жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди карайт;

2) судьялардын тартиптик жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароонун жыйынтыктары боюнча Судьялар кеңешине төмөнкүлөр жөнүндө корутунду киргизет:

а) судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартуу жөнүндө;

б) тартиптик жорук жасагандыгы үчүн судьяга тартиптик жаза чараларын салуу жөнүндө;

в) (КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) (КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

д) кынтыксыздык талаптарын бузган учурда Конституциялык соттун судьясын, Жогорку соттун судьясын жана жергиликтүү соттун судьясын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы №110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-24)
