# 22-берене. Тартип комиссиясынын катчысы

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 22-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-22

---

1. Тартип комиссиясынын катчысынын иш-милдеттери Тартип комиссиясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Тартип комиссиясынын катчысы;

1) Тартип комиссиясында иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;

2) Тартип комиссиясынын жыйналышын даярдоону камсыз кылат;

3) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө, кайрылуу менен кайрылган адамга жана ага карата кайрылуу берилген судьяга Тартип комиссиясынын жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт;

4) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө Тартип комиссиясынын кезектеги жыйналышынын күн тартибин жеткирүүнү камсыз кылат;

5) Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу жүргүзөт;

6) кызыкдар жактарга чечимдердин көчүрмөлөрүн таркатууну камсыз кылат;

7) Тартип комиссиясынын төрагасынын буйругу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-20)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-23)
