# 18-берене. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздер

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 18-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-18

---

1. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) арыз берүү;

2) судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу;

3) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүү;

4) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу же башка мамлекеттин жарандыгын алуу;

5) соттун айыптоочу өкүмү, же болбосо кылмыштык куугунтуктоону реабилитацияланбоочу негиздер боюнча токтотуу жөнүндө токтомдун мыйзамдуу күчүнө кириши;

6) аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө кириши;

7) өлгөндө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө кириши;

8) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө кириши;

9) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына бир жылдын ичинде үч же андан көп жолу жүйөсүз себептер менен келбей коюусу;

10) тартиптик материал боюнча купуя маалыматтын ачыкка чыгуусу.

2. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу Судьялар кеңешинин чечими менен жүзөгө ашырылат.

Эскертүү. Ушул Мыйзамда жүйөлүү себептер деп төмөнкүлөр эсептелет: тиешелүү ырастоочу документтери бар болгондо дарыланууда, өргүүдө, кызматтык иш сапарда же окууда болуу.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-19)
