18-берене. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздер
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
1) арыз берүү;
2) судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүү;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу же башка мамлекеттин жарандыгын алуу;
5) соттун айыптоочу өкүмү, же болбосо кылмыштык куугунтуктоону реабилитацияланбоочу негиздер боюнча токтотуу жөнүндө токтомдун мыйзамдуу күчүнө кириши;
6) аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө кириши;
7) өлгөндө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө кириши;
8) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө кириши;
9) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына бир жылдын ичинде үч же андан көп жолу жүйөсүз себептер менен келбей коюусу;
10) тартиптик материал боюнча купуя маалыматтын ачыкка чыгуусу.
2. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу Судьялар кеңешинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
Эскертүү. Ушул Мыйзамда жүйөлүү себептер деп төмөнкүлөр эсептелет: тиешелүү ырастоочу документтери бар болгондо дарыланууда, өргүүдө, кызматтык иш сапарда же окууда болуу.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-18" title="18-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>