# 16-берене. Судьялар кеңешинин тартип комиссиясын түзүү жана анын курамы

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 16-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-16

---

1. Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы (мындан ары - Тартип комиссиясы) тогуз мүчөдөн турат жана Судьялар кеңеши тарабынан анын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт.

2. Тартип комиссиясы анын курамынын кеминде үчтөн экиси жыйналышка катышса укук ченемдүү болуп эсептелет.

3. Тартип комиссиясынын курамына Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун төрагалары, төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Сот адилеттиги иштери боюнча ксңештин мүчөлөрү кире албайт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-14)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-17)
