# 13-берене. Судьялар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 13-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-13

---

1. Судьялар кеңешинин төрагасы:

1) Судьялар кеңешин чакырат жана Судьялар кеңешинин регламентине ылайык анын ишин жетектейт;

2) Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;

3) Судьялар кеңеши кабыл алган чечимдерге кол коёт;

4) мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууда Судьялар кеңешинин атынан чыгат;

5) Судьялар кеңешине келип түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, аларды Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрөт жана аларга Судьялар кеңешинин жыйналышына материалдарды даярдоону тапшырат.

2. Судьялар кеңешинде аткарылуучу иштин көлөмүнө жана татаалдыгына жараша Судьялар кеңешинин мүчөсү үчүн Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча тиешелүү соттогу негизги иштеген жери боюнча иш- милдети азайтылат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-14)
