# 12-берене. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 12-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-12

---

1. Судьялар кеңеши:

1) Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды жүзөгө ашырат;

2) соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

3) судьялардын курултайын чакырат;

4) сот реформасын практикалык ишке ашыруу боюнча ишти координациялоону жүзөгө ашырат;

5) соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасын изилдейт, жалпылайт жана жайылтат, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;

6) соттордун жана судьялардын иштерине тиешелүү болгон мыйзамдардын, башка ченемдик жана ченемдик эмес актылардын долбоорлоруна корутунду берет;

7) башка мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер менен мамилелерде судьялардын кызыкчылыгын билдирет;

8) башка мамлекеттердин судьялар коомдоштугунун органдары, эл аралык уюмдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

9) мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан анын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат;

10) судьялардын, соттордун аппараттарынын жана Сот департаментинин, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштурууну жүзөгө ашырат;

11) тиешелүү бөлүктө сот тутумунун бюджетинин аткарылышы боюнча Сот департаментинин отчетун угат;

12) Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилеринин алардын иштери жөнүндө жылдык отчетторун угат;

13) Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулар курамына эмгек акы төлөө ченемдерин бекитет;

14) Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу процессинин сапатын контролдоону жүзөгө ашырат;

15) Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен комиссияларды түзөт жана алар жөнүндө жоболорду бекитет;

16) Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизет;

17) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынын үчтөн экисин шайлайт;

18) Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын ичинен Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасын дайындоо жөнүндө Президентке сунуш киргизет;

19) судьялардын статусу жөнүндө конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө андан ары Жогорку Кеңешке сунуштама берүү үчүн Президентке сунуш киргизет;

20) судьялардын статусу жөнүндө конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Президентке киргизет;

21) судьянын кынтыктуу жүрүм-туруму жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарды милдеттүү түрдө текшерүүнү жүргүзөт;

22) судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоону жүзөгө ашырат;

23) судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо критерийлерин белгилейт жана бекитет;

24) судьяларды соттук тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди карайт;

25) судьяны соттук тартипте салынуучу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке тартууга макулдук берет;

26) Сот департаментинин директорун, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорун кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берет;

27) сот адилеттигин ишке ашырууда же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, жогору турган соттордун, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин судьянын ишине кийлигишүү фактылары, ошондой эле мыйзамда каралбаган кандай болбосун башка кийлигишүүлөр тууралуу судья тарабынан берилген маалыматты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (мындан ары - Башкы прокуратура), ал эми мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары кийлигишкенде - тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт;

28) судьяларга ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдарды кошпогондо) наамдарды, сыйлыктарды жана чет мамлекеттердин жана саясий партиялардын башка артыкчылык белгилерин алууга уруксат берет;

29) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамында коллегиялуу түрдө чечим кабыл алууга укуктуу.

3. Судьялар кеңешинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча кайрылуулар андан ары тиешелүү соттук инстанцияларга, укук коргоо органдарына же мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу тартибин түшүндүрүү менен арыз ээсине кайтарылат. Бир эле адамдан ошол эле маселе боюнча кайрадан келип түшкөн, жаңы жагдайларды камтыбаган кайрылуулар каралбастан арыз ээсине кайтарылат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-13)
