# 11-берене. Судьялар кеңешинин жетекчилиги

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 11-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-11

---

1. Судьялар кеңеши өз курамынан Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын үч жылдык мөөнөткө Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.

Судьялар кеңешинин мүчөсү Судьялар кеңешинин төрагасынын же анын орун басарынын кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө шайлана албайт.

2. Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктары алар шайланган мөөнөт аяктаганда токтотулат.

Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулган учурда да токтотулат.

3. Судьялар кеңешинин төрагасы жок болгон учурда, анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары аткарат, ал эми Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары да жок болгон учурда өзүнүн чечими менен төраганын милдеттерин убактылуу аткарууну Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөй алат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-12)
