# 10-берене. Судьялар кеңешин түзүү

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027810)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312#diff=1112204..32844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 10-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-10

---

1. Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзүүчү соттук өз алдынча башкаруунун шайланган органы болуп саналат.

Судьялар кеңеши судьялардын курултайына отчет берет.

2. Судьялар кеңеши судьялардын курултайы тарабынан курултайга катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

3. Судьялар кеңеши бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган региондук жана гендердик өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен, судьялар коомдоштугунун мүчөлөрүнүн ичинен, үч жылдык мөөнөткө шайлануучу 20 мүчөдөн турган курамда түзүлөт.

4. Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), областтык соттордун, Бишкек шаардык сотунун судьяларынын чогулуштары тарабынан судьялардын курултайынын кароосуна киргизилет.

Судьялар кеңешинин жаңы курамын түзүүдө судьялардын съезди Судьялар кеңешинин ишинде укук улантуучулукту камсыз кылуу зарылдыгын эске алат.

5. Судьялар кеңешине Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, ошондой эле алардын орун басарлары жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлөрү кире алышпайт.

6. Жергиликтүү соттордун жетекчилери жана алардын орун басарлары Судьялар кеңешинин төрагасы жана анын орун басары боло алышпайт.

7. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын демилгеси боюнча, судьянын ыйгарым укуктары токтотулган же ал тартиптик жорук жасаган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим тиешелүүлүгүнө жараша судьялардын курултайы тарабынан, ал эми судьялардын курултайларынын аралыгындагы мезгилде - Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат.

8. Судьялар кеңешинин резерви судьялардын курултайы тарабынан 20 мүчөдөн кем эмес курамда шайланат. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, анын ордун гендердик жана региондук өкүлчүлүктү эске алуу менен кезектүүлүккө ылайык Судьялар кеңешинин резервинде турган судья ээлейт.

9. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда анын ыйгарым укуктары судьялардын кезектеги курултайы өткөрүлгөнгө чейин сакталат.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-11)
