# 1-берене. Жөнгө салуу предмети

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3102/edition/1112204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112312/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 1-берене (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-1

---

1. Ушул Мыйзам соттук өз алдынча башкаруунун жалпы түшүнүктөрүн жана принциптерин аныктайт, судьялар коомдоштугунун жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иш тартибин, аны уюштурууну жана укуктук статусун белгилейт.

2. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын уюштурулушу, компетенциясы жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери менен аныкталат.

3. Эгерде ушул мыйзамда башкача каралбаса, ушул мыйзам менен жөнгө салууга кирген маселелерди башка мыйзамга киргизүүгө жол берилбейт.

2- берене. Соттук өз алдынча башкаруу

1. Соттук өз алдынча башкаруу - соттук өз алдынча башкаруу органдары аркылуу сот бийлигинин саясатын түзүү жана милдеттерин ишке ашыруу аркылуу судьялар коомдоштугунун мүчөлөрүн уюштуруу ыкмасы.

2. Соттук өз алдынча башкаруу сот бийлигинин көз карандысыздыгы, коллегиялуулук, судьялардын статусунун бирдиктүүлүгү, ачык-айкындуулук, ушул Мыйзам жана соттук өз алдынча башкаруу органдары белгилеген милдеттерди ишке ашырууда судьялар коомдоштугунун уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерин сот бийлиги тарабынан өз алдынча жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу принциптерине негизделет.

---

Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112312/st-3)
