1-берене. Жөнгө салуу предмети
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам соттук өз алдынча башкаруунун жалпы түшүнүктөрүн жана принциптерин аныктайт, судьялар коомдоштугунун жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иш тартибин, аны уюштурууну жана укуктук статусун белгилейт.
2. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын уюштурулушу, компетенциясы жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери менен аныкталат.
3. Эгерде ушул мыйзамда башкача каралбаса, ушул мыйзам менен жөнгө салууга кирген маселелерди башка мыйзамга киргизүүгө жол берилбейт.
2- берене. Соттук өз алдынча башкаруу
1. Соттук өз алдынча башкаруу - соттук өз алдынча башкаруу органдары аркылуу сот бийлигинин саясатын түзүү жана милдеттерин ишке ашыруу аркылуу судьялар коомдоштугунун мүчөлөрүн уюштуруу ыкмасы.
2. Соттук өз алдынча башкаруу сот бийлигинин көз карандысыздыгы, коллегиялуулук, судьялардын статусунун бирдиктүүлүгү, ачык-айкындуулук, ушул Мыйзам жана соттук өз алдынча башкаруу органдары белгилеген милдеттерди ишке ашырууда судьялар коомдоштугунун уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерин сот бийлиги тарабынан өз алдынча жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу принциптерине негизделет.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-1" title="1-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>