# 99-берене. Тарбиялык мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 99-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-99

---

1. Сот тарабынан төмөнкүдөй тарбиялык мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары дайындалышы мүмкүн:

1) эскертүү менен көзөмөлдөөгө өткөрүп берүү;

2) эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө.

2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балага ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган тарбиялык мүнөзүндөгү эки мажбурлоо чарасы бир мезгилде дайындалышы мүмкүн. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тарбиялык мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу мөөнөтү алты айдан тартып үч жылга чейинки убакытка белгиленет.

3. Эгерде он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала тарбиялык мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларында каралган шартты эки же андан көп жолу бузса, анда сот ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мындай чараны тарбиялык мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жаза колдонуу тууралуу маселени чечет.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-100)
