# 97-берене. Мыйзам менен келишпестикке барган баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча ага карата чараларды колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=40773..41037>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 97-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-97

---

1. Коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган, кылмыш жасагандыгын мойнуна алган, соттуулугу жок жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу программасына мурда катышпаган бала сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чараларды колдонуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жатат.

2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала атайылап аткарбаган учурда, прокурор колдонулуучу чараларды өзгөртүүгө, келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартууга же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгарууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-98)
