# 95-берене. Соттуулук жана аны жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23463..24614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 95-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-95

---

1. Анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып жоюлган учурга чейин соттолгон болуп эсептелет.

2. Коркунучтуулугу аз кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адам өкүм аткарылган учурдан баштап соттуулугу жок деп таанылат.

3. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза дайындалган учурда пробациялык көзөмөл бүткөн күнү соттуулугу жоюлат.

4. Кылмыш жасаган адам жазадан бошотулгандан, жазасын өтөп бүткөндөн же жазаны аткаргандан кийин төмөнкү мөөнөттөр өтсө, ал соттуулугу жок деп, ал эми соттуулугу жоюлган деп эсептелет:

1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда;

2) жети жыл - оор кылмыш үчүн соттолгон учурда;

3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда.

5. Соттолгондордун жана соттуулугу жоюлган адамдардын реестри мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, соттулугун жоюу кылмыш жасоонун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин жоёт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-96)
